ИИМ: митингчилерди милиция кызматкерлери кууган эмес

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOАйзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу митинг
Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу митинг - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2021
Жазылуу
15-апрелде ИИМдин алдында министрдин отставкага кетишин талап кылып митинг өткөрүп жаткандарды 50дөй киши келип кубалаган.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Ички иштер министрлиги Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу чыккан митингчилерди жарандык кийимчен милиция кызматкерлери чагымчылдык жаратып кууган деген версияны четке какты.
Апаңды да өлтүрүп кетемдеп коркутуп жүрүптүр. Айзаданын жакындарынын видеомаеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
"Апаңды да өлтүрүп кетем" деп коркутуп жүрүптүр. Айзаданын жакындарынын видеомаеги
Андан соң журналист Болот Темиров видео жүктөп, митингчилерге каршы чыккандар милиция кызматкерлери экенин жана жогору жактан ар бирине бештен адам чогултууга тапшырма берилгенин айткан.
"Мындай билдирүү жалган жана чындыкка дал келбейт, ойдон чыгарылган ушак деп атоого болот. Чынында эле видеодо ИИМ кызматкерлери бар, бирок алар тынчтык митингине түшкү тыныгуу учурунда өз ыктыяры менен келишкенин белгилей кетүү керек. Тескерисинче, эки тараптын ортосунда жаңжал чыгып кетпесин деп байкоо салып турушкан", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле маалымат кызмат Ички иштер министрлиги ар дайым коомдук тартипти камсыздоого жана адамдардын укугун коргоого кам көрөрүн кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0