УКМК Алмаз Кененбаев кармалды деген маалыматты төгүндөдү

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаПрезиденттин аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары Алмаз Кененбаев. Архив
Президенттин аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары Алмаз Кененбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2021
Жазылуу
Кененбаев президенттик аппаратта 2020-жылдын октябрына чейин иштеп, Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кызматтан бошотулган.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. УКМК президенттин аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары Алмаз Кененбаев кармалды деген маалыматты төгүндөдү.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Матраимовдун кылмыш иши кыскартылып, эркиндикке чыкты
Sputnik Кыргызстан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы менен байланышканда мындай кабарды фейк деп атады.
Алмаз Кененбаев президенттин аппарат жетекчисинин орун басары болуп 2018-жылдын август айынан 2020-жылдын октябрына чейин иштеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0