Уу коргошун ичкендерден кагаз жүзүндө уруксат алган эмеспиз. Министрдин маеги

© Sputnik / Жоомарт УраимовПресс-конференция о лечении коронавируса настойкой иссык-кульского корня
Пресс-конференция о лечении коронавируса настойкой иссык-кульского корня - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2021
Жазылуу
Ооруканаларда "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасы же уу коргошун бейтаптарга өзүнүн уруксаты менен берилип жатабы? Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевден жооп алды.
Буга чейин Садыр Жапаровдун Instagram баракчасында дарыгерлер коронавирустун башталгыч стадиясындагы бейтаптарды айыктыруунун ыкмасын тапканы боюнча билдирүү таратылган. Кечээ саламаттык сактоо министри суюктук жөнүндө айтып, аны түз эфирден ичти.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Садыр Жапаров уу коргошун кайнатканды кимден үйрөнгөн?
Аталган чөптүн кайнатмасы 300дөй кишиге берилгени айтылууда. Кечээ кечинде интернетте Бишкектеги инфекциялык ооруканада жаткан бейтаптардын бири аларга аты-жыты белгисиз суюктукту макулдугу жок эле берип жатканын айтып чыкты.
— Социалдык тармактарда бейтаптарга уу коргошун берерде өздөрүнөн уруксат алган эмес, тагыраагы, бейтаптар эмне ичип жатканын билген эмес деп жатышат. Чын эле ошондой болдубу?
— Клиникалык сыноодо биз жарымына ошону (уу коргошунду), жарымына жөтөлгө каршы микстура берип, кандай натыйжа болорун аныктап жатабыз. Ошентип клиникалык сыноодон өтөт. Токмоктун ооруканасындагы бейтаптардын бардыгына бөтөлкөнү көрсөтүп берип жатабыз. Башкалары дагы жөтөлгө каршы микстура ичип жатканын билишет. Азыр кайсынысы жакшы экени тастыкталып калды. 
© Sputnik / Жоомарт УраимовАл арада медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова "Ысык-Көл тамыры" Кыргызстандагы эң уулуу чөп экенин айтып, анын кайнатмасын пайдалануу элдин саламаттыгына коркунуч жаратарын билдирген. Аталган чөптүн кайнатмасы 300дөй кишиге берилгени айтылууда
Пресс-конференция о лечении коронавируса настойкой иссык-кульского корня - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ал арада медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова "Ысык-Көл тамыры" Кыргызстандагы эң уулуу чөп экенин айтып, анын кайнатмасын пайдалануу элдин саламаттыгына коркунуч жаратарын билдирген. Аталган чөптүн кайнатмасы 300дөй кишиге берилгени айтылууда
— Микстура кадимки эле дары да?
— Ооба, дарыканада сатылган эле препарат. Биз уу коргошун экөөнүн натыйжасын салыштырып жатпайбызбы. Тамырдын тундурмасын ичкендердин эртеси какырыгы чыгып, канттын деңгээли түшүп жатат. Микстурада мындай жыйынтык жок. Ушунун бардыгын расмий протоколго киргизүү үчүн жасап жатабыз. Негизи эле азыр коронавирусту дарылоо боюнча төртүнчү протокол менен тамырдын кайнатмасынын эффективдүүлүгү салыштырылууда.
— Суроону тактап алсам, Бишкектеги инфекциялык ооруканада жаткан бейтаптардын бири "дарыгерлер чай сыяктуу суюктук берген, бирок ал уу коргошунбу же башка бир нерсеби айткан эмес" деп жатат. Ошондо сиздер Токмоктогу ооруканадагы эле бейтаптарга уу коргошун тууралуу айткансыздарбы?
Дозасын президент гана билет. Министрдин уу коргошун боюнча маалыматы видеодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Дозасын президент гана билет. Министрдин уу коргошун боюнча маалыматы видеодо
— Инфекциялык ооруканадагы айрым бейтаптарга эле берилген, себеби сыноо жүрүп жатпайбы. Мен өзүм окумуштуумун. Уу коргошун коронавирустан айыктырат деген тастыктама керек. Эгер натыйжасы аныкталып калса дүйнөлүк жетишкендик болмокчу. Азыр башка мамлекеттер биз сыяктуу бейтаптарга ар кандай дарыларды берип жатпайбы. Коронавирусту дарылоо боюнча биринчи жана экинчи протоколдо кишилер өлдү, үчүнчү протоколдо гана кан уюйт экен деп гепарин, клексан бере башташты. Клиникалык сыноо деген ушундай болот.
— Кечиресиз, Бишкектеги инфекциялык ооруканадагы айрым бейтаптарга гана уу коргошун берилгенин айттыңыз. Бейтаптар эмне ичип жатканын билди беле?
— Ооба, айтылган. Азыр бөтөлкөсүн көрсөтүп бере баштадык. 
© Sputnik / Жоомарт УраимовМинистр: биз уу коргошун менен микстуранын натыйжасын салыштырып жатпайбызбы. Тамырдын тундурмасын ичкендердин эртеси какырыгы чыгып, канттын деңгээли түшүп жатат. Микстурада мындай жыйынтык жок
Пресс-конференция о лечении коронавируса настойкой иссык-кульского корня - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Министр: биз уу коргошун менен микстуранын натыйжасын салыштырып жатпайбызбы. Тамырдын тундурмасын ичкендердин эртеси какырыгы чыгып, канттын деңгээли түшүп жатат. Микстурада мындай жыйынтык жок
— Биз бардык бейтаптарга өзүнүн гана макулдугу менен тундурмалар берилген, эч кимисине айтпай ичирип койгон учур болгон жок деп ишенимдүү жаза алабызбы?
— Ооба, айта бергиле. Ошондой эле болгон.
— Бейтаптардын арасынан тундурманы ичүүдөн баш тарткандар болдубу?
— Болду, ичпей эле коёлу дешти. Ошондой эле дагы сурагандар болуп жатат. Бирок аны уу коргошун деп айтпайбыз. Аконит деген аты бар. Биз кыргызчалап "уу коргошун" деп жатабыз. Мен жадагалса "Ысык-Көл тамыры" дебей эле коёлу дегем. Бирок шеф (президентти айтышы мүмкүн — ред.) "кой, жазалы, ошол сөзгө көнүп калганбыз" деди. Аконит десек журналисттерде дагы суроолор аз болмок.
— Тамырдын кайнатмасын ичирүүдө бейтаптардан уруксатты кагаз жүзүндө алып жатасыздарбы же оозеки элеби?
— Мисалы, сага пенициллин берип жатканда кагазга кол коюп бересиңби? Ооруканага жаттың беле? Ал жактан ар бир алган дарыңды кагазга жазып бербейсиң да. Баары оорунун тарыхына жазылат. 
© Sputnik / Жоомарт УраимовМинистр: биз кыргызчалап "уу коргошун" дебей "аконит" десек журналисттерде дагы суроолор аз болмок
Пресс-конференция о лечении коронавируса настойкой иссык-кульского корня - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Министр: биз кыргызчалап "уу коргошун" дебей "аконит" десек журналисттерде дагы суроолор аз болмок
— Бирок бул клиникалык сыноо болуп жатпайбы?
Россиядагы Гамалея атындагы илим-изилдөө борборунун ишкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Уу коргошун коронавирусту сакайта алабы. Россиялык адистин пикири
— Азыр коронавируска берилген ар бир таблетка, аралашма, вакцина сыноо болуп жатат. Эч ким оорунун себебин тапкан жок. Дүйнөлүк лабораториялар миллиарддаган доллар кетирип эксперимент жасоодо. Ал жактагы журналисттер мындай иштерге колдоо көрсөтүүдө. Ал эми биздин журналисттер жардамды 180 градус тескери буруп жатасыңар. Интернетте менин карикатураларым жүрөт. Дипломаттын өлүмүнө вакцина себеп болду деп жазып ийишти эле, эмдөөдөн өткөндөр азайып кетти.
— Коронавируска каршы вакцина алып келүү боюнча иштер жүрүп атабы?
— Токтобой эле аракеттер болуп жатат. Аны да тезирээк алышыбыз керек.
— Азыр уу коргошунду канча киши ичти?
— 350 киши ичип жатат. Токмокто, Бишкектеги жана Оштогу инфекциялык ооруканада, Улуттук госпиталда колдонуп жатышат. Дагы башка ооруканаларга жиберилет. 
© Sputnik / Жоомарт УраимовМинистр: коронавируска берилген ар бир таблетка, аралашма, вакцина сыноо болуп жатат. Эч ким оорунун себебин тапкан жок. Дүйнөлүк лабораториялар миллиарддаган доллар кетирип эксперимент жасоодо
Пресс-конференция о лечении коронавируса настойкой иссык-кульского корня - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Министр: коронавируска берилген ар бир таблетка, аралашма, вакцина сыноо болуп жатат. Эч ким оорунун себебин тапкан жок. Дүйнөлүк лабораториялар миллиарддаган доллар кетирип эксперимент жасоодо
— Ал жактагылар деле бейтаптан оозеки сурап бере беришет да?
— Оозеки эле алат да. Журналисттер айтты деп анда кагазга кол койдуруп уруксат алайын.
— Негизи кагаз жүзүндө уруксат алынса туура болмок болуш керек...
— Анда журналисттердин сунушу деп коронавирус боюнча дарылоодо ар бир таблеткага, аралашмага кагаз жүзүндө уруксат алгыла деп буйрук берейинби? Анда алар отуруп алып эле кагаз толтурушат да. Медиктер да, оорулуулар да кагаз эле толтурат экен.
— Тундурма ичкен бейтаптардын абалы кандай?
— Жалпысынан жакшы. Уйкулары жакшырды, көңүлдөрү ачылып, тамакка табити тартып калды. Эң башкысы, какырык чыгып жатат. Ал чыкпаса дем алуу кыйындайт.
P.S. Тажрыйбалуу медиктер коронавирустан мурда бекитилген протоколдун негизинде дарыланууну сунушташууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0