Мугалим COVID жугузуп алган. Бишкектеги №67 мектеп карантинге жабылды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКарантин в школах Омска
Карантин в школах Омска - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2021
Жазылуу
Муниципалитеттин билдирүүсүнө караганда, мугалимдердин биринен COVID аныкталды. Андыктан окуучулар аралыктан окуу режимине өткөрүлдү.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бишкектеги №67 мектеп 3-майга чейин карантинге жабылды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Муниципалитеттин билдирүүсүнө караганда, мугалимдердин биринен COVID аныкталган. Андыктан окуучулар аралыктан окуу режимине өткөрүлдү.
Мектеп имараты дезинфекцияланып жатат.
Буга чейин борбор калаадагы № 13, 28, 52 мектептери аралыктан окууга өткөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0