Бишкекте киши уу коргошунга ууландыбы? Дарыгерлердин жообу

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Ысык-Көл тамыры" чөп кайнатмасы
Ысык-Көл тамыры чөп кайнатмасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Жазылуу
"Ысык-Көл тамыры" уусу күчтүү дары чөп болуп эсептелет. Тажрыйбалуу медицина кызматкерлери коронавирустан бекитилген протоколдун негизинде дарыланууну сунуштайт.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Социалдык тармактарда Бишкекте киши "Ысык-Көл тамыры" деген чөптүн кайнатмасын ичип алып, ууланып калганы тууралуу маалымат тарап жатат.
Бул тууралуу өзүнүн Facebook баракчасына Кыргыз-Россия Славян университетинин клиникалык фармакология кафедрасынын жетекчиси, медицина илимдеринин кандитаты Аида Зурдинова дагы жазган.
"Мессенджер аркылуу мага маалымат түштү. Тез жардамда иштеген таанышыма саат 14:00дө бир киши чалып "жардам бергиле" деп кыйкырыптыр. Бейтап 10-кичи райондо жашайт экен. Дарыгерлер жерине барганда батирдин ичинен бүгүн жарнамаланган уу коргошундун бөтөлкөсүн көрүшкөн. Бейтаптын жүрөгүнүн согушу бузулуп, дем алуусу кескин начарлаган. Бактыга жараша, Тез жардамды убагында чакырышкан. Бейтап өзү дагы ошол кайнатманы ичкенин билдирген. Жаран токсикологияга жеткирилген, жакшы болуп кетет деп үмүт артуудабыз", - деп жазды ал.
Анткен менен Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнөн мындай бейтаптар түшпөгөнүн билдиришти.
Ал эми Зурдинова өзүнүн жазган постунун алдына бейтап жеке клиникага жаткырылганын жазып, окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат эртең болорун билдирди.
Дозасын президент гана билет. Министрдин уу коргошун боюнча маалыматы видеодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Дозасын президент гана билет. Министрдин уу коргошун боюнча маалыматы видеодо
Уу коргошун чуусу
Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктыра турган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Ал бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкованын ЖМКларга билдиргенине караганда, "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасы менен коронавирусту дарыласа болот деп ойлоо туура эмес.
Журналисттин "Сөз болуп жаткан кайнатма менен коронавирустан арылса болобу?" деген суроосуна ал: "Мүмкүн эмес. Бардык жерде илимий далил керек", - деп жооп берди.
Россиядагы Гамалея атындагы илим-изилдөө борборунун ишкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Уу коргошун коронавирусту сакайта алабы. Россиялык адистин пикири
Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирүү таратып, сыноодон өтпөгөн дарыны каттоо жана калкка кеңири колдонууга сунуштоого болбой турганын эскертти. Клиникалык сыноолордо препараттын натыйжасы жана коопсуздугу аныкталарын эске салган.
Ал эми далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова "Ысык-Көл тамыры" Кыргызстандагы эң уулуу чөп экенин айтып, анын кайнатмасын пайдалануу элдин саламаттыгына коркунуч жаратарын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0