Токмокто "Коопсуз шаардын" камералары орнотулуп жатат. Карта

© Sputnik / Владимир Баранов / Медиабанкка өтүүЖолдун үстүнө видеокамераларды орнотуу. Архив
Жолдун үстүнө видеокамераларды орнотуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Жазылуу
Жол милициясы Кара-Балта, Ош, Жалал-Абад жана башка шаарларда да камералар орнотулуп жаткандыгын билдирди. Кара-Балтада камералар беш жерге коюлмакчы.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Токмок шаарында "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабынын алкагында фото жана видеокамералар орнотулуп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Камералар коюла турган кесилиштердин тизмеси:
  • Сарбагышев/Ленин;
  • Шамшы/Ленин;
  • Гагарин/Шамшы;
  • Дунларов/ Ибраимов (мурдагы Горький);
  • Ибраимов/Дубовицкий;
  • Жантаев/Шамшы.
ЖКККББ Кара-Балта, Ош, Жалал-Абад жана башка шаарларда да камералар орнотулуп жаткандыгын белгиледи. Кара-Балтада камералар беш жерге коюлмакчы.
"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын Shenzhen Sunwin Intelligent Co.Ltd компаниясы ишке ашырууда. Жалпы 306 жерге атайын жабдуу орнотулат, анын 266сы стационардык, 40ы көчмө камера болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0