18:25 23 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.3856
  • RUB1.1660
Коом
Кыскача шилтеме алуу
35610

Sputnik Кыргызстан агенттиги Кыргызстандагы жер-суунун тарыхына токтолуп, таржымалын баяндап бермекчи. Бүгүн Лейлек району тууралуу сөз болот. Маалыматтар Гапыр Мадаминовдун "Лейлек жана лейлектиктер тарыхы" китебинен чогултулду.

Лейлек району Баткен облусунун курамында, жалпы аянты 4 700 чарчы чакырым.

Мурдагы Исфана айылы 1928-жылы Лейлек району болуп түзүлгөн. Учурда тогуз айыл өкмөтү, элүүгө жакын калктуу пункту бар. Калкынын саны 2016-жылкы статистика боюнча 133 миңден ашат. Жашоочулардын 65 пайызы кыргыздар, калганы өзбек, тажик жана башка улуттун өкүлдөрү.

Аймактын өзгөчөлүгүнүн бири — мөмө-жемиштердин көптөгөн түрү бышат, жадагалса бир жылда дан эгиндеринен эки түшүм алып, күздүктү эгип коюуга жетишишет.

Ак-Суу, Кара-Суу, Козубаглан жана Лейлек дарыялары агат. Күрөң көмүр, мрамор, ак, кызыл кум сыяктуу кен байлыктары иштетилет. Ага катар эле спирт иштетүүчү завод, тигүү фабрикасы, нефть иштетүүчү ишкана, минералдык сууну бөтөлкөгө куюучу цехтер, 102 тегирмен, 16 май чыгаруучу цех, консерва, кирпич, колбаса, килем чыгаруучу чакан өнөр жай ишканалары бар.

Лейлек деп аталып калган себеби

Лейлек районунда тарых мугалими болуп эмгектенген Ислам Мадаминов бул аймактын аталышы боюнча төмөнкү маалыматтар менен бөлүштү.

Байыртадан бул аймакты көп сандагы илек-илек кушу байырлап келген дешет. Ошонун атынан "Илек-Илек", кийин "Лейлек" аталып калган деген кептер бар. Ата-бабаларыбыз ушул вариантты туура көрүп, куш ысымдуу Лейлек жергеси деп айтып жүрүшкөн.

Андан тышкары, эл оозунда айтылып келген башка варианты да бар. Кокон хандыгынын тушунда бул аймак жаратылышынын кооздугу менен хандын жана бектердин көңүлүн буруп турган экен. Алар ар жылы жай мезгилинде эс алганы келип кызгалдак теришчү. Кызгалдакты өзбектер, тажиктер "лолак" деп аташат. Лолак көп жер деп жүрүп "Лолак", анан "Лейлек" аталып калган дешет.

Лейлек тууралуу фактылар

1924-жылы Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөн учурда азыркы Лейлек Тажик АССРинин курамында калып калган. Ал эми 1928-жылы Ош округундагы 10 райондун бирине кошулган.

Лейлек алгачкы адамдар жашаган жерлердин бири экендигин академик Алексей Окладников изилдеп чыккан. Андагы табылган алгачкы адамдардын таштан жасалган эмгек куралдары (Галькалык-чоперлер) палеолит доорунда жашагандарга таандык экендиги айтылат. Булар Орто-Азия боюнча алгачкы табылга болгон.

Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" романында Алимхандын уулу Ибрагимбек Кокон хандыгынын тагын талашып Лейлекке келгендиги жазылган. Шерали хан ага каршы Сыйдалыны жөнөтүп, Ибрагимбектин балдарын багынтып, өзүн колго түшүргөн.

Кокон хандыгы өз бийлигин сактап, чек арасын кайтаруу үчүн көптөгөн коргон чептерди курдурган. Ошондой коргондордун бири Лейлектин борбору Исфанада да бар.

Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы лейлектиктердин 1873-жылдагы боштондук үчүн күрөшү Кокон көтөрүлүшүнүн биринчи этабы деп аталган. Ал эми 1875-жылы Өзгөн жана Лейлек элинин Полот хандын жетекчилигиндеги баш көтөрүп чыгуусу көтөрүлүштүн экинчи этабында берилген. Анда Кокон хандыгынын шаар-кыштактары дээрлик Полот ханга өткөн. 22-июлда Кудаяр хан качып, Полот хан андан ары Кокон шаарын ээлегенге чейин уланган. Үчүнчү этабында Полот хан Кокон тактысына отурган. Ушундан улам Лейлек эли Кокон хандыгына каршы көтөрүлүштүн баштоочуларынан, ага активдүү катышкан десе болот.

Улуу Ата Мекендик согуш маалында Лейлектен 3 240 адам майданга жөнөтүлгөн.

Согуш мезгилиндеги тылдагы эмгеги үчүн лейлектиктер СССРдин Коргоо комитетинин Көчмө Кызыл Туусун жеңип алган. Ал СССР боюнча мамлекетке эгин тапшыруу планын биринчилерден болуп аткаргандыгы үчүн берилген.

Лейлектиктердин үрп-адаты

Лейлектиктер пейилинин жумшактыгы, сылык, кичи пейил, салтты сактагандыгы менен айырмаланып турушат. Алсак, бул жакта да Япония, Индиядагыдай эле чай ичүүнүн тартиби бар. Мейманга чайды сол колду көкүрөккө коюп, оң кол менен сунуу урмат-сый болуп эсептелет. Чайды адатта кичүүлөр куюп, тердей тургандай ысык кылып беришет. Ар бир айылда мектеп болгондой эле чайканасы да болот.

Эзелтен өзгөчө бааланып келе жаткан каадасынын бири — ашар ыкмасы. Бирөө үй куруп, килем согуп же башка нерсе жасап жатканда атайын бир күндү белгилеп тууган-тушкан, коңшу-колоң, дос-жарын ашарга чакырат. Алар мал, акчалай же башкача жол менен колдоо үчүн белек алып келишет. Эң маанилүүсү өздөрү сөзсүз түрдө кол күчү менен ылай жасап, дубал куруп же башка нерсесине жардам берет. Ал эле эмес үйдүн алдынан өтүп бараткан башка бир адам да "иш илгери болсун" деп кол тийгизип кетет.

Лейлектин атагын чыгарган дагы бир өзгөчөлүгү бул — Лейлек күрөшү. Той-топурлары күрөшсүз өткөрүлбөйт. Башка күрөштөрдөн артыкчылыгы таза өтүп, буттан чалуу ыкмалары жок. Бул күрөш менен Рүстөм балбан, Баатыр балбан, Абдрахман балбан, Латип балбан өңдүү бир топ кишинин атагы чыккан.

Андан тышкары, кол өнөрчүлүккө аябай көңүл бурушат. Жергиликтүү кыз-келиндердин колунан чыккан килемдердин даңазасы далайга кеткен.

Бул аймакта келиндер жолдошу өзү менен тең, жадагалса кичүү болсо да "сиз" деп кайрылат. Күйөөсүнөн башка туугандарын да чоң-кичине дебей тергешет.

Тема боюнча

Исхак Раззаковдун атактуу жана азаптуу өмүрү. Залкар ишмер тууралуу 20 факты
Белгилер:
Лейлек району, тарых, ашар, каада-салт

ЭҢ МААНИЛҮҮ