Боомдо таш кулатылып, жол жабылат. График

© Sputnik / Эмиль СадыровБоом капчыгайы. Архив
Боом капчыгайы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Жазылуу
19-апрелден 23-апрелге чейин күндүзгү маалда поезд жана автоунаалардын өтүшүнө чектөө киргизилери айтылды.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Боом капчыгайында таштарды атайылап кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан маалымдашты.
Бишкекте асфальт төшөп жаткан ишкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2021
Бишкекте дагы эки көчөнүн кесилишинде оңдоо иштери жүрүп, жолдор жабылат
Таш кулатуу иштери Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 129-чакырымындагы Жел-Арык аймагында жана Каямат-Куркол станциясынын аймагында (жолдун 131-чакырымында) жүрөт.
Ишкана айдоочуларды сапарга чыгууда маршрутту алдын ала пландап алууга чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0