Ош мэриясы шаардыктардын баарына короосун тазалоо талабын койду

© Sputnik / Эмиль СадыровОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Жазылуу
Мэриянын талабы боюнча калаадагы дүкөн, кафе, ресторан, май куюучу жайлар, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер короосун иретке келтириши керек.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Ош шаарында 16-17-апрель күндөрү жалпы ишембилик өтөрүн мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн вице-мэр Асылбек Топчубаевдин жетекчилигинде жазгы үч айлык боюнча штабдын отуруму болуп, анда санитардык тазалоо жана "Таза короо" кароо-сынагы боюнча маселелер каралган.
"Вице-мэр шаар аймагында жазгы үч айлык толук кандуу жүрбөй жаткандыгын айтып, 16-17-апрель күндөрү менчигинин түрүнө карабай бардык ишканаларга (дүкөн, кафе, ресторан, май куюучу жайлар), мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге, көп кабаттуу үйлөргө, жеке турак-жайларга короолорун тазалап, иретке келтирүү талабын койду", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле майдын алгачкы күндөрү "Таза короо" кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгат. Ага байланыштуу штабдын мүчөлөрү шаар аймагын кыдырып, короо-жайлардагы тазалыктарды текшере баштайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0