Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

"Кыргыз радиосунун" алтын фондун түптөгөндөрдүн бири Тенти Орокчиев дүйнө салды

© Фото / Жылдыз ОрокчиеваКР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, котормочу жана радиожурналист Тенти Орокчиев. Архив
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, котормочу жана радиожурналист Тенти Орокчиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Жазылуу
Тенти Орокчиев 83 жашта болчу. Ал КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Жазуучулар союзунун, СССР журналисттер союзунун мүчөсү эле.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, котормочу жана радиожурналист Тенти Орокчиев бул дүйнө менен кош айтышты. Кабарды маркум көп жылдар бою эмгектенип кеткен "Кыргыз радиосунан" кесиптештери тастыктады.
Ал 1938-жылдын 8-сентябрында Тоң районуна караштуу Көк-Сай айылында туулган.
Радио тармагында көп жылдар бою иштеп, КТРКнын Кыргыз радиосунун алтын казынасын түптөөгө салым кошкон. Учурунда көптөгөн залкар инсандар менен радиомаек уюштуруп, КТРКнын алтын казынасында 300гө чукулу сакталып турат. Алардын узактыгы 20 мүнөттөн бир жарым саатка чейин.
2011-жылдан бери кагазга түшүрүп, китеп кылып, үч томдугун чыгарууга жетишкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0