УКМК: Матраимов 20 млн. сомдук батирин мамлекетке өткөрүп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча берүү. Архив
Акча берүү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Жазылуу
Бүгүн Матраимовго козголгон кылмыш иши кыскартылып, анын бошотулганы маалым болду. Ал буга чейин бажы тармагындагы коррупция жана башка иштер боюнча айыпталып жаткан.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекеттин бюджетине 20 миллион сомдон ашык каражатка бааланган батирин өткөрүп берди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, батирдин жалпы аянты 232,3 чарчы метрди түзөт.
Белгилей кетсек, Матраимовго козголгон кылмыш иши кыскартылып, бошотулду. УКМК сотко чейинки өндүрүштү баштоого Матраимовдун Дубайда кымбат мүлкү бар экендиги боюнча "Азаттык Медиа" мекемесинин журналисттик иликтөөсүнүн материалдары негиз болгонун белгилеп, журналисттердин материалдарында келтирилген жүйөлөр ырасталбаганын айткан.

Матраимовдун иши

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов өткөн жылдын 20-октябрында бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК тарабынан кармалган. Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган болчу.
Кийинчерээк ал мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды толтурууга макул болгону айтылган. Анын 1,4 миллиардын акчалай, калган 600 миллион сомуна бир соода борборун, тогуз батирин өткөрүп берген.
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2021
УКМК Райым Матраимовду ооруканадан чыгарып, бирок тергөө абагына киргизген жок
11-февралда Биринчи май райондук сотунун судьясы Гүлзат Дыйканбаева Матраимовду коррупцияга күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салган. Анын жана жакын туугандарынын камакка алынган мал-мүлкүн ээлерине кайтарып берген. Бул окуядан кийин коомчулук арасында нааразычылык жаралып, митингге чыгышкан. Кийин президент Садыр Жапаров сот Матраимовго бир эпизод боюнча гана чечим чыгарганын жана иш уланарын айткан. УКМК дагы Райым Матраимов кытай жараны Айеркен Саймаитинин банктар аркылуу өлкөдөн 700 миллион доллар чыгарып кетишине тиешеси бар-жогун аныктоо үчүн тергөө иштери улантылып жатканы боюнча маалымат тараткан.
Райымбек Матраимов экинчи ирет 18-февраль күнү кайра кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген, кийин ал эки айга камакка алынган.
Кийин анын кан басымы көтөрүлүп, ооруканага жаткан. Апрелдин башында ал "Бикард" жеке клиникасынан чыгып, №47 түзөтүүчү колонияга киргизилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0