Митингде таяк жеп калышууда. Депутат милиционерлерди көбөйтүүнү сунуштады

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Зарылбек Рысалиев. Архив
Депутат Зарылбек Рысалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Жазылуу
Эл өкүлү тартип сакчыларынын саны аз болгондуктан митинг учурунда элден таяк жей берип жалтак болуп калганын айтты.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев 2019-жылы колдонууга чыгарылган Жазык кодекстерин жокко чыгарууну жана Бишкекте милиция кызматкерлеринин санын көбөйтүүнү сунуштады.
Бүгүн парламенттин жыйынында эл өкүлү тартип сакчыларынын саны аз болгондуктан митинг учурунда элден таяк жей берип жалтак болуп калганын айтты.
"Эгемендүүлүктү алгандан бери Бишкекте төрт эле райондук милиция иштеп жатат. РИИБдердин саны качан көбөйөт? Элдин саны өсүп, милициянын иши күн санап көбөйүүдө. Түркия, Кытай, Америкада митингге 5000 адам чыкса, 10 000 полиция кызматкерин коёт. Ал эми бизде 10 000, 20 000 киши чыкса да 2500 милиционер турат. Байкуштарды таш, келтек менен урасыңар, жеткен жерден желкеге чабасыңар. Алар таяк жей берип жалтактап бүттү. Ошондуктан Бишкекке дагы төрт РИИБ кошуп берүүнү сунуштайм", — деди Рысалиев.
Ошондой эле 2019-жылы күчүнө кирген Жазык кодекстери өзүн актабаганын айтып, аларды жокко чыгарып 1994 жана 1997-жылкы кодекстерге кайтып келүүнү демилгеледи.
Кызматтан кетүүгө качан арыз жазасыз? Министр Ниязбековдун жообу видеодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Кызматтан кетүүгө качан арыз жазасыз? Министр Ниязбековдун жообу видеодо
"Кошуна мамлекеттердин баары эски кодекстер менен иштеп жатат. Азыр ар бир тергөөчүдө 500-600 кылмыш иши турат. Муну жөнгө салуу мүмкүн эмес. Ал эми тергөө менен макулдашуу деген берене айыпталуучуга курал катары колдонулууда. 2019-жылы кабыл алынган кодекстерде гуманизация болот дешкен, бүгүн анын жыты дагы жок", — деди депутат.
Белгилей кетсек, Зарылбек Рысалиев 2010-2012-жылдары ички иштер министри, андан кийин бир жыл Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын жетектеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0