Чет өлкөдөн да окуса болот. Министрлик аскерлердин документтерин кабыл алууда

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАскерлер. Архив
Аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Жазылуу
Министрлик аркылуу Россия, Казакстан, Кытай, Азербайжан, Түркия жана Индиядан окуп келүүгө мүмкүнчүлүк бар.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Коргоо министрлигинде аскердик окуу жайларга тапшырууну каалаган абитуриенттердин документтерин кабыл алуу башталды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Документтер 20-майга чейин кабыл алынат.
Жоокер дүрбү менен карап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Коргоо министрлигинде жаңы дайындоолор болду. Тизме
Аскердик окуу жайлардын тизмеси, бөлүнүп жаткан орундардын болжолдуу саны жана тапшыруу шарттары жөнүндө маалымат Коргоо министрлигинин сайтындагы "Билим берүү" деген бөлүмдө жайгаштырылган.
Студенттер онлайн-каттоодон өтүп, андан кийинки нускама боюнча иш алып барышы керек.
Өлкөдө Калыйнур Үсөнбаев атындагы Аскер институтунда, Кыргыз улуттук аскер лицейинде жоокерлер даярдалат. Мындан тышкары, министрлик аркылуу Россия, Казакстан, Кытай, Азербайжан, Түркия жана Индиядан окуп келсе болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0