Кыргызстандыктардын жашоо минимуму 760 сомго жогорулады

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүАзык-Түлүк. Архив
Азык-Түлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Жазылуу
Кабыл алынган жаңы Конституцияда пенсия, жөлөк пулдарды 2023-жылдан тарта жашоо минимумунан кем эмес төлөө кепилденген.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын I кварталында кыргызстандыктардын жашоо минимумунун көлөмү 13 пайызга көбөйүп, 5 840,40 сомду түздү. Бул туурасында Улуттук статистика комитети маалымдады.
Жашоо минимумунун эң жогорку көлөмү Бишкекте, Ош шаарында жана Ош облусунда байкалган.
Жашоо минимуму — бир жаран ушунча акча менен бир ай жанын бага алат дегенди түшүндүрөт.
Белгилей кетсек, кабыл алынган жаңы Конституцияда пенсия, жөлөк пулдарды жашоо минимумунан кем эмес төлөө кепилденген. Бул мыйзам 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0