Далай-лама дүйнөнү аялдар башкарышы керектигин айтып, себебин түшүндүрдү

© Sputnik / Нина Алексеева / Медиабанкка өтүүТибеттик буддисттердин лидери Далай-лама. Архив
Тибеттик буддисттердин лидери Далай-лама. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Жазылуу
Тибеттин руханий лидери жетекчилик кызматты эркектер аркалап, аялдар алардын көлөкөсүндө калган түшүнүк эскиргенин, мындай ойду өзгөртүү керектигин айткан.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Тибеттик буддисттердин лидери Далай-лама өлкө башчылардын арасына аялдар көбүрөөк кошулса дүйнө жүзү коопсуз болот деп эсептейт. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Окумуштуулардын айтымында, аялдар табиятынан мээримдүү келет. Ааламда тынчтык болушу үчүн аялдар коомдо активдүү ролду ойноп, боорукерликти жайылтуу иши боюнча милдеттерди алышы керек. Дүйнөдө аял-жетекчилер бар. Алардын саны мындан да көп болсо дүйнө жүзү коопсуз болмок", — деген Далай-лама.
Ал жетекчилик кызматты эркектер аркалап, аялдар алардын көлөкөсүндө калган түшүнүк эскиргенин, мындай ойду өзгөртүү керектигин айткан. Бул үчүн аялдарга билимин тереңдетүүгө кеңеш берген.
Экс-вице-премьер Алтынай Өмүрбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2021
Жээнбековдун "кишилери", сурак жана кызмат. Алтынай Өмүрбекованын маеги. II бөлүк
"Аялдар менен эркектердин интеллектуалдык жөндөмүндө эч кандай айырмачылык жок жана бардык адамдар бирдей укуктарга ээ. Бизге жалпы адамзаттын биримдиги жана мээримдүүлүк, боорукерлик жөнүндө түшүнүк керек. Эркектер аялдарга, ал эми аялдар эркектерге муктаж, демек, биз тең болушубуз керек", — деген тибеттик буддисттердин лидери.
Мындан тышкары, ал бир нече жыл мурун "эгерде Далай-лама институту улана берсе, келечекте Далай-лама аял болуп төрөлүшү мүмкүн" деп айткандыгын эске салды.
Жаңылыктар түрмөгү
0