Айтканы менен болуп, алдаңыз. Зомбулукка кабылган адам көрчү аракеттер

© Sputnik / Табылды КадырбековЗомбулук көрсөтүү. Иллюстративдүү сүрөт
Зомбулук көрсөтүү. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Жазылуу
Эксперттердин айтымында, зөөкүр менен жашагандар үйдөн кетүүнүн планын иштеп чыгып алганы оң. Алгач жашай турчу жерин аныктап, өтө керектүү нерселерди жанына алып алуусу зарыл.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Зомбулукка кабылган адам ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтирбеши үчүн кандай аракеттерди кылышы керектигин Республикалык ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борбору айтып берди.
Мекеменин эксперттерге таянып тараткан кеңешине ылайык, зөөкүр менен жалгыз калганда эң башкысы аман калуунун жана азыраак зыян тартуунун аракетин көрүү зарыл.
"Урушуп, талашуудан качып, айтканы менен болуп алдап көрүңүз. Ага да болбосо качыңыз, бирок шек алдырбаңыз. Анан милицияга чалыңыз же көчөдөгү элге кайрылыңыз. Окуя болгон жерге медиктерди да чакыртып, жаракаттарды каттатып калуу керек", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми зөөкүр менен жашагандар үйдөн кетүүнүн планын иштеп чыгып алганы оң.
Судьянын балкасы. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Кыз ала качкандар канча жылга кесилип, кандай айыпка жыгылат. КР мыйзамдары
"Жакындардан, достордон же кризистик борборлордон баш калкалай турчу жай табыңыз. Паспорт сыяктуу керектүү документтерди чогултуңуз. Акча, дары-дармек, гигиеналык каражаттарды алып алыңыз", — деп жазылган маалыматта.
Буга чейин зомбулукка кабылгандар жана күбө болгондор үчүн аймактардагы кризистик борборлордун жана ички иштер башкармалыктардын номерлери тизмектелген.
Жаңылыктар түрмөгү
0