Ыш менен күрөшүү. Бишкектеги айрым от казандар газга өткөрүлөт

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектеги ыш. Архив
Бишкектеги ыш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2021
Жазылуу
Кыш мезгили келип, суук түшкөндө Бишкекти адатта кара түтүн каптайт. Мындай көрүнүштөн арылуу үчүн бийлик өкүлдөрү калктуу конуштарды газга өткөрүүнү пландаган.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бишкектеги экологиялык кырдаалды жакшыртуу үчүн көмүр жагылган от казандар газга өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, жалпыга билим берүү мекемелеринин от казандарын газдаштыруу үчүн тендер жарыяланды. Ага ылайык, №23, №35, №15, №54, №59, №32 мектептер, №12 бала бакча жана майып балдардын реабилитация борбору газ менен жылытыла баштайт.
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Новиков: 1-апрелде Бишкекти чулгаган ыштан арылуу иштери башталышы керек
Аткарыла турган иштин сметалык баасы 6 198 875 сом. Каражат шаардык бюджеттен каралган.
Белгилей кетсек, кыш мезгили келип, суук түшкөндө Бишкекти адатта кара түтүн каптайт. 2020-жылы дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын ичинен Кыргызстандын борбор калаасы биринчи орунга чыккан. Бийлик өкүлдөрү эл көмүр жакпашы үчүн газдаштыруу иши колго алынарын убадалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0