Сиам эгиздери Зита менен Гитанын апасы айылдык кеңешке депутат болду

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүИзвестные разделенные сиамские близнецы Зита и Гита Резахановы в Москве
Известные разделенные сиамские близнецы Зита и Гита Резахановы в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2021
Жазылуу
Зумрият Резаханова — үч буттуу, жамбашы менен табарсыгы бир болуп төрөлгөн кыздардын апасы. Ал шайлоого партия менен эмес, өзү катышкан.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Белгилүү сиам эгиздери Зита менен Гитанын апасы Зумрият Резаханова Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун айылдык кеңешине депутат болуп шайланды. Бул тууралуу Резаханова Facebook баракчасы аркылуу билдирген.
Резаханова Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешине талапкерлигин койгон. Ал партияга кирбегенин айтып, шайлоого өзү катышууну чечкенин белгилеген.
"Ура! Мен өттүм. Мага ишенип 122, анан 88 адам добуш берди. Квота менен шайланган жокмун (адатта айылдык кеңеште 30 пайыздык гендердик квота иштейт), элдин ишенимине киргим келген, оюм оңунан чыкты. Элге иштеп берем. Баарыңыздарга ыраазымын", — деген Резаханова.
Зитанын сөздөрү: Кудайга ыраазычылык билдирип, жүрөгүңөрдү муздатпагыла!
Зита жана Гита Резахановалар 1991-жылы жарыкка келишкен. 2003-жылы аларды ажыратуу боюнча Москванын Филатов атындагы ооруканасында операция жасалган. Үч буттуу, жамбашы менен табарсыгы бир болуп төрөлгөн кыздарды ажыраткандан кийин ар биринин бирден бутун протезге алмаштырган.
Бирок 2011-жылы Зитанын ден соолугу кескин начарлап, дарылоого карабастан 2015-жылдын октябрь айында Военно-Антоновка айылында ата-энесинин жанында каза болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0