Акыркы суткада 227 адамдан COVID аныкталып, төрт киши көз жумду. Статистика

© AFP / TAUSEEF MUSTAFAМедициналык кызматкер COVID-19ка тест алган учурунда
Медициналык кызматкер COVID-19ка тест алган учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2021
Жазылуу
Жуктургандар мурдагыдай эле Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп. Бирок бүгүн алардан кийин эле Ысык-Көл облусу турат. Көлдө бир сутка ичинде 9 адамдан вирус табылды.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча коронавирус 227 кишиден табылып, 124 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Айыккандар:
  • Бишкек шаары – 81;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 30;
  • Ош облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 8;
  • Жалал-Абад облусу – 1;
  • Баткен облусу – 2.
Жуктургандар:
  • Бишкек шаары – 141;
  • Ош шаары – 6;
  • Чүй облусу – 64;
  • Ош облусу — 2;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 9;
  • Жалал-Абад облусу – 1;
  • Баткен облусу – 2.
Акыркы 24 саат ичинде төрт киши коронавирустун курмандыгы болду. Бири Чүй облусунун тургуну болсо, үчөө Бишкектин жашоочулары эле. Аларды кошкондо пандемия башталгандан бери Кыргызстанда вирустан көз жумгандардын саны 1532ге жетти.
Азыркы тапта 932 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Анын ичинен 213ү оор абалда болсо, 33 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды. Ал эми 1017 кыргызстандык үй шартында дарыланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0