Канча малы бар адам зекет бериши керек. Муфтияттын түшүндүрмөсү

Уйлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2021
Жазылуу
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы мал көбөйгөн сайын зекет эсептери да өзгөрө турганын белгиледи.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Муфтият малдын санына карап зекет берүүнүн жол-жобосу тууралуу сунуштамасын жарыялады.
Ага ылайык, ар бир мусулман пенденин бодо малынын саны (уй, топоз) 30га жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, бир жаштан ашкан кунажын зекет катары берилет.
2021-жылдын орозо календары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
Орозо 2021: ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактылары
Ал эми короосунда 40тан ашык кой-эчки багылып турса, анын ичинен бирөөнү зекетке берүү сунушталат. Ошону менен бирге беш төөгө бир кой каралган.
Муфтият мал көбөйгөн сайын зекет эсептери да өзгөрө турганын белгиледи.
Ошондой эле зекет күнүмдүк турмушта керектелүүчү үй, автоунаа, кийим-кече, тамак-аш, идиш-аяк жана башка нерсе менен берилбей турганын эскертүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0