13:40 11 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.7112
  • EUR103.0978
  • RUB1.1491
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1272 0 0

13-апрелге караган түнү жаап өткөн жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Шейшембиде күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаашы күтүлөт. Тоо этектериндеги аймактардын төмөн жерлерин суу каптап, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +17…+22, Таласта +16…+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +18…+23, Ысык-Көл жергесинде +14…+19, Нарын өрөөндөрүндө +13…+18 градус жылуу болот.

Бишкекте күн ачык болсо, Ош шаарында жамгыр жаашы мүмкүн. Күндүн табы борбордо +20…+22, Ош шаарында +21…+23 градусту көрсөтөт.

Тема боюнча

Кайра суук болбойбу? Бир жумага карата аба ырайы
Белгилер:
Кыргызстан, апрель, аба ырайы

ЭҢ МААНИЛҮҮ