18:25 16 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.6213
  • EUR102.6076
  • RUB1.1436
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Орозо-2021 (25)
171110

Быйыл мечиттерде чогулуп ооз ачууга жана таравих намазын окууга тыюу салынган эмес. Эң башкысы санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталышы керек.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) эртең, 13-апрелде, таңга жуук орозо башталып, ооз бекитиле турганын эске салды.

Муфтияттын маалыматына караганда, бүгүн кечинде таравих намазы окулат.

"13-апрель күнү саат 04:40та ооз бекитилет. Кимде-ким орозо кармап жатса белгиленген убактыттан 10 мүнөт мурун ооз бекитип турганы жакшы. Орозонун биринчи күнүндөгү ооз ачар 19:46да болот", — деди муфтияттын өкүлү.

КМБД ошондой эле Рамазан айынын узактыгы 29 же 30 күн болорун айтып, так дата Айдын чыгышына карап белгилүү болорун кошумчалады.

Быйыл мечиттерде чогулуп ооз ачууга жана таравих намазын окууга тыюу салынган эмес. Эң башкысы санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталышы керек.

Өткөн жылы Рамазан айы карантинге туш келгендиктен муфтият топтошпой оозду үйдөн ачууга чакырган.

Орозо (Рамазан) айы мусулмандар үчүн ыйык деп эсептелип, ислам дининин беш негиздеринин бири болуп саналат. Күн чыккандан күн батканга чейин орозо кармагандар оозуна наар албайт, суу да ичпейт.

Sputnik Кыргызстан агенттиги быйылкы Орозонун календарын жарыялаган.

Тема:
Орозо-2021 (25)

Тема боюнча

Биринчи жолу орозо кармайм дегендерге муфтият менен дарыгерлерден кеңеш
Орозо 2021: ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактылары
Белгилер:
ооз ачуу, рамазан, орозо

ЭҢ МААНИЛҮҮ