ТИМ: чет жактагы 58 миң шайлоочунун 3 миңи гана референдумга катышты

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүМосквадагы Кыргызстандын элчилигинде добуш берип жаткан жаран. Архив
Москвадагы Кыргызстандын элчилигинде добуш берип жаткан жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2021
Жазылуу
Чет өлкөдөгү бардык шайлоо тилкелеринде добуш берүү процесси мыйзам бузуусуз, санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен өткөн.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. 28 мамлекетте жашап жана иштеп жүргөн кыргызстандыктар 11-апрелдеги референдумда 48 шайлоо участкасынан добуш беришти. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы — райондор боюнча маалымат (автоматтык санактын эсеби) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Жаңы Конституциянын долбооруна аймактар кандай добуш берди. Карта
Референдумга катышуучулардын акыркы тизмесине чет жактагы 58 598 шайлоочу киргизилген. Алардын саны мурдагыдан 9 117ге көбөйгөнү маалым болду.
Кыргызстандын дипөкүлчүлүктөрү бар өлкөнүн бийлиги менен кыргызстандыктардын добуш берүүчү жайларга чектөөсүз кирүүсү боюнча макулдашылган.
"Биринчи болуп Бишкек убактысы боюнча саат 03:00дө Түштүк-Сахалин шаарындагы элчиликтин аймагындагы шайлоо участогу ачылды. Акыркы болуп Вашингтондогу шайлоо участогу 12-апрелде саат 06.00дө (Бишкек убактысы) жабылды. Жалпысынан чет өлкөлөрдөгү мекендештерден 3 162 жаран добуш берди", — деп айтылат билдирүүдө.
Чет өлкөдөгү бардык шайлоо тилкелеринде добуш берүү процесси мыйзам бузуусуз, санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен өткөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0