Курсан Асанов абактан чыгарылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов. Архив
 Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2021
Жазылуу
Асанов 5-6-октябрь окуяларында Ички иштер министрлигин басып алууга айыпталып 26-январда кармалган болчу.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды. Бул туурасында Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы билдирди.
Мындай чечим бүгүн, 12-апрелде, Бишкек шаардык соту тарабынан кабыл алынган.
Эске салсак, Курсан Асанов 5-6-октябрь окуяларында Ички иштер министрлигин басып алууга айыпталып 26-январда кармалган. Ага Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүгү ("Имараттарды жана курулмаларды басып алуу") менен айып тагылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0