Орто курактагылар жан дүйнөнүн кризисинен кантип чыкса болот. Кеңеш

© Фото / PixabayКиши башын кармап жатат. Архив
Киши башын кармап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2021
Жазылуу
Адистин айтымында, илимде орто курактагы жан дүйнөнүн кризиси деген диагноз жок, заманбап психология аны депрессия менен чогуу карап келет.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Дарыгер жана алып баруучу Александр Мясников "Россия 1" телеканалынын эфиринде адам орто куракка келгенде жан дүйнөсү жабыркаган абалда болорун жана аны менен күрөшүүнүн жолун айтып бергенин РИА Новости жазды.
Медиктин айтымында, илимде мындай диагноз жок, анткен менен заманбап психология аны депрессия менен чогуу карап келет. Бул маалда адам өткөн өмүрүнө саресеп салып, кээде ашыкча ойлонуп отуруп чөгүп кетет.
"Бир убакта жашоо, убакыт өтүп, жакшы күндөрдүн бардыгы артта калгандай сезилет. Жаш кезде тигил жакка барбапмын, муну жасап албаптырмын деген сыяктуу өкүнгөн ойлор жейт", — деген Мясников.
Бирок адис орто жаштагы кризисти "керемет мезгил" деп атаган. Ал муну адамдар жан дүйнөнүн жаңылануусу катары кабыл алышы керектигин, алдыда жашоонун эң кызыктуу учурлары күтүп турганын эстен чыгарбоону айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0