Бишкекте COVID-19 жуктурган бейтаптарды 5 оорукана кабыл алууда. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук госпиталдын имараты. Архив
Улуттук госпиталдын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Жазылуу
Улуттук госпиталь менен №1 шаардык клиникалык оорукана да коронавирус жуктурган бейтаптарды кабыл ала баштаганы айтылды.
БИШКЕК,11-апр.— Sputnik. Бишкекте COVID-19 жуктурган бейтаптарды кабыл алган ооруканалардын саны бешке көбөйдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Буга чейин ордо калаада коронавирус жуктурган бейтаптар үч ооруканада дарыланып жаткан.
11-апрель саат 12:00гө карата берилген маалымат боюнча беш ооруканада 151 бош орун бар.
  • Улуттук хирургия борборунда — 7;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында — 18;
  • №2 клиникалык төрөт үйүндө — 9;
  • Улуттук госпиталда — 44;
  • №1 шаардык клиникалык ооруканада — 73.
Өткөн суткада Кыргызстанда 203 киши коронавирус жуктуруп, үч бейтап каза тапкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0