Ошто бюллетендер АСУга эмес коробкага салынганбы? ИИМдин жообу

© Sputnik / Жоомарт УраимовШайлоо участкасында добуш берүү
Шайлоо участкасында добуш берүү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Жазылуу
Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, электрондук урна болжол менен беш мүнөткө иштебей калган.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Милиционерлер Ноокат районунда бюллетендер автоматтык эсептөө урнасына эмес, кадимки коробкага салынып жатат деген маалыматты текшеришти.
Окуя №5413 участкада болгонун ЖМКлар жазып чыгышты.
ИИМден билдиргендей, текшерүүнүн натыйжасында саат 9:50дө чын эле электрондук урна беш мүнөткө иштебей калганы аныкталган.
"Видеодон эки жаран электрондук урнага келип, бирок иштебей жатканын байкап калышканын көрүүгө болот. Ошол эле учурда алар бюллетендерди ары коюп, зарыл жумуштары бар экенин айтышкан. Кийин акт түзүлүп, бюллетендер электрондук урнага салынган", — дешти ИИМден.
Аял шайлоодо урнага бюллетень салып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Талапкер АШК мүчөлөрүн ташыган. Ошто 5 тилкеде жыйынтык жокко чыгарылды
Министрлик 23 жаштагы кыз өзүнүн бюллетенин сүрөткө тартып алууга аракет кылганын дагы айтты. Факты Бишкектеги №1150 участкада катталган.
Шайлоочу бюллетенди сүрөткө тартууга болбой турганын билбегендигин, болгону туугандарына көрсөткүсү келгенин айткан.
Материалдар БШКга өткөрүлүп берилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0