Айзада Канатбекованы уурдады делген шектүүлөр камакка алынды

© AP Photo / Martin MejiaМилиция кызматкерлери. Архив
Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Жазылуу
Кызды ала качууга катыштыгы бар делип төрт шектүү кармалган. Сот аларды Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга, 7-июнга чейин, камакка алды.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бишкектин Свердлов райондук соту Айзада Канатбекованы уурдаганга шектүү төрт кишинин баш коргоо чарасын тандады. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, кылмышка шектүүлөр Бишкектеги биринчи тергөө абагына эки айга, 7-июнга чейин, камакка алды.

Айзаданын өлүмү

5-апрель күнү эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч жаран 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү автоунаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп баштап, Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлашкан. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.
Апаңды да өлтүрүп кетемдеп коркутуп жүрүптүр. Айзаданын жакындарынын видеомаеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
"Апаңды да өлтүрүп кетем" деп коркутуп жүрүптүр. Айзаданын жакындарынын видеомаеги
7-апрелде изделип жаткан автоунаа Бишкектин чет жагындагы Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.
Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган. Кызды ала качууга катыштыгы бар делип төрт шектүү кармалган.
Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн натыйжасында Бишкек ШИИБдин жана Биринчи май райондук милициясынын начальниктери баш болгон бир катар жетекчилер кызматтан алынган.
Жаңылыктар түрмөгү
0