Кээ бир маданият кызматкерлеринин маянасы 1-июлдан тарта 20 пайызга көбөйөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТоржественное мероприятие, посвященная 100-летию деятеля Кулуйпы Кондучаловой
Торжественное мероприятие, посвященная 100-летию деятеля Кулуйпы Кондучаловой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2021
Жазылуу
Тийиштүү токтомго өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койгон. Документке ылайык, айлык акы 20 пайызга көтөрүлөт.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта кээ бир маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. Аталган чечим маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынганы айтылат.
Документке ылайык, "улуттук" статусуна же "академиялык" наамына ээ маданият мекемелеринде эмгектенгендердин айлык акылары 20 пайызга көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0