Референдумга катышкандардын саны 40%дан ашышы мүмкүн. БШК төрайымынын божомолу

© Sputnik / Табылды КадырбековХод голосования на выборах президента и референдума в Бишкеке
Ход голосования на выборах президента и референдума в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2021
Жазылуу
2016-жылкы шайлоо менен кошо өткөн референдумга да добуш бергендердин саны 40 пайыздын тегерегинде болгон.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого жана референдумга шайлоочулардын 40 пайыздан көбү катышышы мүмкүн. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын байкоочуларына берген брифингинде билдирди.
Байкоочулардын бири "добуш берүүгө канча шайлоочу катышарын божомолдоп жатасыздар?" деп сураган.
"Биз шайлоочулардын 40 пайыздан көбү катышат деп ойлойбуз. Мен буга чейинкилерден көбүрөөк болот деп күтөм", — деди Шайлдабекова.
Колл-центр ишкери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
Шайлоо менен референдумду өткөрүүдөгү кемчиликтерге даттана аласыз. Телефондору
Ошондой эле ал мурдатан эле жергиликтүү кеңештерди шайлоого катышкандардын саны аз болорун белгиледи. 2016-жылкы шайлоодо добуш берүүгө шайлоочулардын 42 пайызы келген. Анда дагы референдум кошо өткөрүлгөн, ага катышкандардын саны бир аз азыраак болгон.
БШК төрайымы январда өткөн президенттик шайлоону да мисал келтирип, анда 40 пайызга чукулу добуш бергенин айтты. Ал эми башкаруу формасын тандоо референдумуна катышкандар бир аз азыраак болгон.
Эртең, 11-апрелде, 448 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 420 айылдык, 28 шаардык кеңешке шайлоо өтөт. Аны менен кошо жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0