Аксыда жаңы үйлөнгөндөр трактордун жүктөгүчүнө түшүп көчө кыдырды. Видео

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүЖаңы үйлөнгөндөр. Архив
Жаңы үйлөнгөндөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
Жазылуу
Трактордун артынан бир нече автоунаа жана маршрутка коштоп баратканын көрүүгө болот. Ошондой эле үлпөт тоюнун ыры жаңырып жатат.
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кыргызстандын социалдык тармактарына жаңы үйлөнүп жаткандардын трактордун жүктөгүчүнө түшүп алып айылдын көчөлөрүн кыдырып жүргөн видеосу тарады.
Өзгөчө кортеждин кадрлары Sputnik Кыргызстан агенттигининин Telegram каналына жарыяланды.
Видеону тарткан бала Жалал-Абаддын Аксы районунун айылдарынын бирине үлпөт тойго барганын айткан.
"Ак-Жол айыл өкмөтүндө коноктобуз. Көрдүңөрбү? Жаштар азыр айыл техникасы менен эле никесин каттатууга  бара жатышат", — деген видеонун автору.
Трактордун артынан бир нече автоунаа жана маршрутка коштоп баратканын көрүүгө болот. Ошондой эле  үлпөт тоюнун ыры жаңырып жатат. 
Жаңылыктар түрмөгү
0