Башкы прокуратура: былтыр ала качуу боюнча 212, быйыл 64 кылмыш иши катталган

© Sputnik / Жоомарт УраимовАла качып кеткен кыз. Архив
Ала качып кеткен кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
Жазылуу
Адамды никеге туруу максатында уурдоо боюнча катталган кылмыш иштеринин көбү токтотулган. Азыраагы гана сотко өтүп, ал эми айрымдары менен укук коргоо органдары дагы деле иштеп жатат.
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кыргызстанда 2020-жылы кызды ала качканы үчүн 212, ал эми быйыл 64 кылмыш иши катталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Редакция башкы көзөмөл органына былтыр жана быйылкы ала качуу боюнча канча факты катталып, канчасы сотко өткөнү тууралуу сурам жиберип, аталган органдан жооп алды. 
Фактылар Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси ("Адамды никеге туруу максатында уурдоо") менен катталган.
Өкмөт башчы Улукбек Марипов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Улукбек Марипов ала качкандарга жазаны күчөтүү сунушун киргизүүнү тапшырды
Былтыр ала качуу боюнча катталган 212 кылмыш ишинин болгону 11и сотко жөнөтүлгөн, ал эми калган 185и Жазык-процесттик кодекстин 26-беренесинин ("Иш боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлар") негизинде токтотулган. Учурда былтыркыдан калган 16 кылмыш иши менен укук коргоо органдары иштеп жатат.
Ал эми быйыл, 2021-жылы, кызды ала качкан 64 кылмыш иши катталып, анын экөө сотко жөнөтүлгөн. Мунун ичинен 52си токтотулуп (жабылып - ред.), 10 факт боюнча азыр укук коргоо органдары иштеп жатканы айтылды.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги буга чейин кыз ала качкандар канча жылга кесилип, кандай айыпка жыгыла турганын мыйзамдын негизинде жазган.
Жаңылыктар түрмөгү
0