Таанылбас үчүн чачын боеп... Тараздан качкан өспүрүмдөр Кыргызстандан табылды

© AFP / NICOLAS ASFOURIКыз менен бала. Архив
Кыз менен бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
Жазылуу
Жаш балдар 23-марттан бери изделип жаткан. Алар милицияга таптырбаш үчүн чачтарын кара түскө боеп, кебетесин өзгөрткөнгө аракет кылганы айтылат.
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Казакстандын Тараз шаарынан сүйүшкөн өспүрүмдөр ата-энесинен качып Кыргызстанга келишкен. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
23-мартта Тараздын 45 жаштагы жашоочусу 17 жаштагы уулу жоголуп кеткенин айтып кайрылган. Анын айтымында, 23-мартка караган түнү өспүрүм үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Баланын жанында уюлдук телефону, темир өткөрүүдөн түшкөн бир аз акчасы бар болчу.
"Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө өспүрүмдүн кетип калышына ата-энесинин 16 жаштагы кызы менен сүйлөшпө деп урушуп коюшу себеп болгону аныкталган. Жаш балдар качып кетүүнү туура көрүшкөн", — деп айтылат полициянын маалыматында.
Мончо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2021
Алтай, жалаа, сурак. Мончодо өспүрүмдү зордуктоо видеосу боюнча жаңы жагдайлар айтылды
Жашы жете электерди издөөгө Жамбыл облусунун шаардык жана райондук полициясынын бөлүмдөрү менен ыктыярчылар тартылган. Аларды эки жумадан кийин Кыргызстандын укук коргоо органдары бир жерге темир өткөрүп жатканда табышкан.
Изделип жаткандар 17 жаштагы Владимир Сергеев менен 16 жаштагы Виктория Мазуренко экени аныкталган. Алар өздөрүн таптырбаш үчүн чачтарын кара түскө боеп, кебетесин өзгөрткөнгө аракет кылганы айтылат.
Аларды алып кетүү үчүн Кыргызстанга ата-энелери келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0