Адис жасалма дарыны кантип айырмаласа болорун айтып берди

© Фото / Pexels / Karolina GrabowskaМедик колунда даарылар менен. Иллюстративдик сүрөт
Медик колунда даарылар менен. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
Жазылуу
Фармацевтика тармагындагы адистин айтымында, дарынын кутусунда маркалоо белгиси, жарактуу мөөнөтү жана сериясы көрсөтүлүшү керек. Бул белгилердин жок дегенде бири болбосо, демек, ал жасалма товар.
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Нукура дары-дармекти жасалмасынан кантип айырмаласа болорун "Прайм" агенттигине RNC Pharma компаниясынын өнүктүрүү боюнча директору Николай Беспалов айтып берди.
"Негизи дарынын кутусунда маркалоо белгиси, жарактуу мөөнөтү жана сериясы көрсөтүлүшү керек. Бул белгилердин жок дегенде бири болбосо, демек, ал жасалма товар", — деди адис.
Ошондой эле адис көбүнчө кымбат баалуу дарылар жасалма болуп каларын айтты.
Жасалма желдеткич аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2021
УКМК Саламаттык сактоо министрлигиндеги ири коррупциялык ишти аныктады
"Адатта бейтаптар кымбат баалуу дарылардын арзаныраактарын издеп жатып, сапатсыз товар алып алышат. Расмий түрдө ишеген дарыканаларда жасалма дары болушу дээрлик мүмкүн эмес. Көбүнчө интернет сайттар же тааныштар аркылуу алган препараттардан сак болуу керек", — деди Беспалов.
Мындан тышкары, ал эч убакта базардан жана көчөдөн дары сатып албоону кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0