Борбор калаада кезектеги азык-түлүк жарманкеси өтөт. Даректер

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБишкектеги азык-түлүк жарманкеси. Архив
Бишкектеги азык-түлүк жарманкеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
Жазылуу
Адатта жарманке ордо калаанын үч жеринде өтүп келсе, бул жолу эки аймакта гана болот. Айрым товарлар базар баасынан 10-15 пайызга арзан болору айтылды.
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бишкекте 10-11-апрель күндөрү айыл чарба азыктарынын кезектеги жарманкеси болот. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жарманке эки жерде өтөт:
  • Биринчи май району — Раззаков көчөсүнүн Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн чектешкен аймагында;
  • Свердлов району — Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде (Чыгыш-5 кичи району).
Жарманкедеги азык-түлүктүн баасы:
  • Уй эти — 390-405 сом;
  • Жылкы эти — 380-390 сом;
  • Кой эти — 400-405 сом;
  • Тоок эти — 200-210 сом;
  • "Царь" суу майы — 130-132 сом;
  • "Лучазерное" суу майы — 130-132 сом;
  • "Ласка" суу майы — 130 сом;
  • Фирма жумурткасы — 75-85 сом;
  • Үй жумурткасы — 90-95 сом;
  • Кайыңды шекери — 56 сом, 5 килограмм 280 сом;
  • Алма — 30-60 сом;
  • Сабиз — 10-15 сом;
  • Картошка — 28 сом;
  • Пияз — 14-16 сом;
  • Ун — 27-38 сом.
Министрликтен белгилешкендей, сүт азыктары, ун жана башка товарлар базар баасынан 10-15 пайызга арзан болот.
Жарманкеге бир нече компания активдүү катышып жатканы белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0