Баланы кайсы курактан тарта өзүнчө жаткыруу керек. Психологдун кеңеши

© Фото / Pexels / cottonbroТөшөктө кызы менен китеп окуп жаткан аял. Архив
Төшөктө кызы менен китеп окуп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
Жазылуу
Адис баланы өз алдынча "кетирүүдөн" мурда ата-энеси ырдап берүү, аркасын тырмап берүү сыяктуу адаттарын ташташы керектигин айтат. Анткени бала өзүнчө жаткан учурда бул нерселер жетишпей, уйкусу качат.
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Баланы канча жаштан тарта өзүнчө уктатууга болот жана ага кандай даярдык керек. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине балдар психологу Татьяна Чхиквишвили айтып берди.
Адистин пикиринде, негизи бала бир жаштан тарта өз алдынча уктай алат.
"Баланы кичине кезинен эле башка керебетке түгүл, башка бөлмөгө бөлүп салуу салтын Батыш өлкөлөрүндө көп карманышат. Бирок ар кандай кокустуктарды алдын алуу үчүн бөбөк бир жашка толгуча энесинин жанына жатканы жакшы. Баланы бөлүүгө эң ыңгайлуу учур — үч жаш. Ошол куракта балада "мен өзүм кылам" деген сезим пайда болот. Дал ошол учурдан пайдаланып, "сен кыйынсың" деп мактап туруп бөлүп салса болот", — деди психолог.
Өспурум автобуста. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Бала өспүрүм кезде эмнеге албууттанат? Адистин түшүндүрмөсү
Ошондой эле адис баланы өз алдынча "кетирүүдөн" мурда ата-энеси ырдап берүү, аркасын тырмап берүү сыяктуу адаттарын ташташы керектигин айтат. Анткени бала өзүнчө жаткан учурда  бул нерселер жетишпей, уйкусу качат.
Мындан тышкары, психолог кийинки баласын күтүп жаткан ата-энеге ал төрөлгөнгө чейин баланы бөлүүнү сунуштайт. Эгер ымыркай үйгө келгенден кийин өзүнчө жатып калса, улуусунда таарыныч жана бөбөгүнө жаман көрүү сезими пайда болушу мүмкүн.
Жалпысынан алганда адистер мындай учурда ата-энеге ар бир баланын психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен мамиле кылууга чакырат.
Жаңылыктар түрмөгү
0