Бишкекте 18 жаштагы Альбина Бапиева изделип жатат. Сүрөт

© Фото / PexelsКыздын силуэти. Архив
Кыздын силуэти. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Жазылуу
Жаш кыз бүгүн эртең менен 7-кичи райондо жашаган батиринен чыккан боюнча кайтып келген эмес. Милиция аны табышууга жардам сурады.
БИШКЕК, 8-апр. – Sputnik. Бишкек шаарында 18 жаштагы Альбина Бапиева изделип жатканын Октябрь РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от УВД Октябрьского района (@uvdoktyabrsky)

Милицияга кызды таап берүүгө жардам сурап эжеси кайрылган. Анын айтымында, Альбина бүгүн, 8-апрелде, саат 8:00дөр чамасында 7-кичи райондо жашаган батиринен чыккан боюнча кайтып келген эмес.
Белгилери: бою 165 сантиметр, арыкчырай, чачы ачык күрөң. Кызыл куртка, жинсы шым, кара түстөгү бут кийим кийип, кара рюкзак асынып жүргөн.
Милиция Альбина Бапиева тууралуу кандайдыр бир маалыматы барларды (0553) 102-189, (0500) 09-99-00, (0312) 54-41-84 жана 102 номерине кабарлап коюуну өтүнөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0