Нарында COVID-19га каршы эмдөө башталды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүМедайым эмдөө учурунда бейтап менен. Архив
Медайым эмдөө учурунда бейтап менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Жазылуу
Вакцина өнөкөт оорулары барларга, кош бойлууларга, бала эмизгендерге жана 18 жашка чейинки балдарга сайылбайт.
БИШКЕК, 8-апр. – Sputnik. Бүгүн, 8-апрелде, Нарын облусунда COVID-19 инфекциясына каршы эмдөө башталды. Бул тууралуу Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Табылды Жакыпов билдирип, өзү дагы биринчилерден болуп вакцина алган.
Жакыповдун айтымында, облуска сегиз миң доза вакцина алып келинип райондордогу үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна жеткирилген. Бул препарат менен төрт миң жаран эмделет.
"Вакцинаны алгачкылардан болуп медицина кызматкерлери жана кызыл зонада иштегендер алышат. Андан соң мугалимдер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери эмделе баштайт. Вакцина каалоочуларга сайылат. Өнөкөт оорулары барларга, кош бойлууларга, бала эмизгендерге жана 18 жашка чейинки балдарга эмдөө жүргүзүлбөйт", — деди Жакыпов.
Учурда Нарында эпидемиологиялык абал туруктуу, бирок өткөн жумага караганда ооругандар көбөйүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0