Жума күнүнө карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектеги парк. Архив
Бишкектеги парк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Жазылуу
9-апрелге караган түнү жаап өткөн жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +17…+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +19…+24, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +11…+16 градус жылуу болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо жана Ош шаарында +20…+22 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0