Мыйзамсыз байыган деген судья мүлкүнүн чоо-жайын айтып берген

© AFP / DAMIEN MEYERФемиды айкели. Архив
Фемиды айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Жазылуу
Бишкек шаардык сотунан билдиришкендей, мыйзамсыз баюуга шектелип жаткан сот айым кызматка келгенге чейин эле азыр айтылып жаткан мүлкүнө туугандары менен ээлик кылган.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы анын мыйзамсыз байыганы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбей турганын айтты. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, шектелип жаткан Ж.М.Б. судьялык кызматка 2016-жылдын 29-апрелинде дайындалган.
"Судьянын өзүнүн айтымында, анын мүлкү сот болуп дайындалганга чейин эле болгон. 74 кымбат батир менен 10 унаа токтотуучу жай жайгашкан жер анын жолдошуна таандык. Ал эми жолдошуна бул жер участогу тартуу келишими боюнча өткөн. Аталган аймакка судьянын жолдошу менен куруучу компаниянын ортосундагы келишимдин негизинде үй тургузулган. Аталган үйдөгү батирлердин көпчүлүгү акчасын төлөп койгон үлүшчүлөрдүкү", — деп айтылат маалыматта.
УКМК Бишкектин Биринчи май районунун салык кызматкерин кармады. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
УКМК Бишкектин Биринчи май районунун салык кызматкерин кармады. Видео
Ал эми УКМКнын буга чейин берген маалыматына караганда, судья мыйзамдуу киреше булагы жок болсо дагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлккө жана бир катар коммерциялык объектилерге ээлик кылары аныкталганын кабарлаган. Тагыраагы, соттун 74 кымбат батири, 19 соода жайы, 10 унаа токтотуучу жайы, ошондой эле Бишкек шаарынын "алтын аянты" деп аталган аймагында жайгашкан кымбат баалуу жер тилкелери бар экени маалымдалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0