Эртең Бишкектин бир катар көчөлөрүндө суу болбойт. Тизме

© Фото / Pixabay / Manuel SalgueroСуу тамып жаткан кран. Архив
Суу тамып жаткан кран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Жазылуу
Суу баш калаанын айрым райондорунда 9:00дөн 18:00гө чейин жок болот. "Бишкек суу канал" ишканасы шаар тургундарын сууну камдап алууну өтүнөт.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Эртең, 9-апрелде, оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Жаз-жай мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында Ажыбек баатыр көчөсүндөгү суу тосмосунда жана шаардык суу түтүктөрү тармактарында оңдоо иштери пландаштырылган.
Чыңгыз Айтматов проспектиси жана Ахунбаев көчөлөрү менен чектелген Шота Руставели, Сухомлинов, Тыналиев, Бакаев, Грибоедов жана Ажыбек баатыр көчөлөрүндө 9:00дөн 18:00гө чейин суу болбойт.
"Бишкек суу канал" ишканасы шаардыктарды келтирилген ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алып, сууну камдап алууну өтүнөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0