Айзаданын апасы: ала качкан киши кызымды аңдып жүрчү экен

© Sputnik / Жоомарт УраимовКиши колдуу болгон Айзада Канатбекованын апасы Назгүл Шакенова (оң жакта)
Киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын апасы Назгүл Шакенова (оң жакта) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Жазылуу
Айзада Канатбекованын апасынын айтымында, кызы колун сураган кишиге турмушка чыгууга макул болгон эмес. Анткени экөөнүн ортосунда кыз-жигиттик мамиле жок болчу.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын апасы Назгүл Шакенова кызын ала качкан күнү эле түшкө маал Бишкектин Биринчи май райондук милициясына арыз жазганын журналисттерге айтты.
Ал милиция убагында кыймылдабай койгонуна нааразы болууда.
"Айзада саат алтылардан өтүп калганда сиңдиме телефон чалып, "Бактыгүл эже, мен келе жатам, тиги бала менен сүйлөштүм. Ош тарапка кетип бара жатканбыз, бирок кайра бурулуп Кара-Балта жакка жетип калдык. Бишкекке бет алдык, азыр барам" дептир. Тиги бала менен сүйлөштүр десе, ал сыртка чыгып кетти деп койду. Бирок бушайман болуп, кыйкырып сүйлөгөн экен. Ошол бойдон байланыш үзүлүп кетиптир", — деди апасы.
Шакенованын айтымында, кызы ал адам менен интернет аркылуу таанышкан, бирок кыз-жигиттик мамилеси болгон эмес.
"Ал бала колун сураганын, бирок кызым жок деп койгонун билем. Ал кишини жакындан тааныбасам, мага кереги жок деп айткан. Мага мунусун билдирген эмес, бирок акыркы айларда артынан аңдып, меники болбосоң апаңды бычак менен саям деп айтканын курбуларына айтыптыр. Негизи өзү окуусун жакшы бүтүп, түз жүргөн кыз болчу. Бир нече чет тилди билчү, жакында Түркияга барып иштеп келейин деп камынып жаткан", — деди апасы.

Айзаданын өлүмү

Кишенчен адам. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Айзаданы ала качууга катышкан экинчи шектүү кармалды. Сүрөт

5-апрель күнү эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч бала 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп башташкан. Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлаган. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.

Ал эми 7-апрелде изделип жаткан автоунаа Чүйдөгү Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.
Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган
Кечинде кызды ала качууга катыштыгы бар делип бир шектүү кармалган. Бүгүн кыздын сөөгү Балыкчы шаарында жерге берилди.
Жаңылыктар түрмөгү
0