Марипов: ИИМ башчысынын жоопкерчилиги боюнча маселе каралат

© Фото / пресс-служба МВДИчки иштер министри Уланбек Ниязбеков. Архив
Ички иштер министри Уланбек Ниязбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Жазылуу
Премьер-министр сүйлөп жаткан кезде топтолгон жарандар улам-улам "Уят!" деп кыйкырып жатышты. Алар ИИМ менен Бишкек шаардык ИИББинин жетекчисин отставкага кетирүүнү талап кылып жатышты.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов Өкмөт үйүнүн алдына келип митинг кылгандарга ички иштер министри Уланбек Ниязбековду отставкага кетирүү боюнча маселе бийлик тарабынан караларын айтты.
Каршылык акциясы учурунда өкмөт башчы кызматтык иликтөө жүрүп жаткандыктан анын жыйынтыгын күтүү керектигин айтты. Митингчилер болсо ИИМ башчысынын отставкасын талап кылып, Ниязбековдун алардын алдына чыкпай койгонуна нааразы болушту.
Марипов президент Садыр Жапаров дагы бул маселени өз көзөмөлүнө алганын белгиледи.
"Мен дагы бул окуяга кайгырып турам. Жүрөгүм менен айтып жатам. Бул окуя боюнча чаралар көрүлөт. Учурда кызматтык териштирүү жүрүүдө. ИИМ башчысынын жоопкерчилиги боюнча маселе дагы каралат. Бир аз убакыт бериңиздер. Териштирүү бүтмөйүнчө ким күнөөлүү экенин айта албайм", - деди Марипов митингчилердин алдына чыгып.
Премьер-министр сүйлөп жатканда топтолгон жарандар улам-улам "Уят!" деп кыйкырып жатышты. Алар ИИМ менен Бишкек шаардык ИИББинин жетекчисин отставкага кетирүүнү талап кылышууда. Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн кийин премьер кайра Өкмөт үйүнө кирип кетти.
Судьянын балкасы. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Кыз ала качкандар канча жылга кесилип, кандай айыпка жыгылат. КР мыйзамдары
Алгач 300дөй адам ИИМдин имаратынын алдына топтолуп, алардын алдына министрдин чыгышын талап кылышкан. Бирок министрдин жаңы орун басары Нурбек Абдиев келип митингчилерге милиционерлер жазага тартыларын убадалаган. Бирок жарандар "Уят!", "Позор!" деп кыйкырышып аны көпкө сүйлөтүшкөн жок. Митингчилер министрди чакырышканы менен ал сыртка чыккан жок.
Мындан улам акциянын катышуучулары Өкмөт үйүнө барганда алардын алдына Марипов чыкты.
Жаңылыктар түрмөгү
0