ЖКда Ысык-Көлгө казино ачууга уруксат берген мыйзам долбоору каралууда

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүКазино. Архив
Казино. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Жазылуу
Демилгечинин айтымында, бул долбоор туристтик сезонду өнүктүрүү жана бюджетти толтуруу максатында сунушталууда.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков жана Дастан Жумабеков Ысык-Көл облусуна казинолорду ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун демилгелеп чыкты.
Турусбековдун айтымында, бул мыйзам долбоору Ысык-Көлгө туристтик сезонду өнүктүрүү жана бюджетти толтуруу максатында сунушталууда. Аэропорттун жанына атайын зона курулуп, чет элдик жарандарга гана ал жакка кирип кумар оюндарын ойноого уруксат берилет. Ал эми кыргызстандыктарга тыюу салынат.
Вице-премьерлик кызматка талапкер болуп жаткан Санжар Муканбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2018
Радио
Муканбетов: казино кайра ачылса экономикага пайдасы тиет
Демилгечи депутат мунун арты менен бюджетке жылына 600 миллион сом түшөрүн айтууда.
Мыйзам долбоору учурда биринчи окууда каралууда. Көпчүлүк депутаттар буга каршы чыгып, туристтик сезонду өнүктүрүүнүн башка ыкмасын колдонсо болорун белгилешти. Ошондой эле Россиянын, Казакстандын жарандыгын алган кыргыздар көп экенин айтып, кайра эле мекендештер жапа чегерин билдиришти. Аны менен катар бул мыйзам көзөмөлдөн чыгып кыргыз жарандары дагы кирип ойной бериши мүмкүндүгүн эскертишти.
Жаңылыктар түрмөгү
0