Өкмөт үйүнө чогулгандардын алдына премьер-министр Марипов чыкты. Видео

© Sputnik / Эркин СадыковПремьер-министр Улукбек Марипов
Премьер-министр Улукбек Марипов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Жазылуу
Ала качууга дуушар болуп, андан соң киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын өлүмү жалпы кыргызстандыктарды түйшөлттү.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Өкмөт үйүнө келгендердин алдына премьер-министр Улукбек Марипов чыкты. Бул тууралуу жеринен кабарчы билдирди.
Өкмөт башчысын митингчилер "Уят!" деп кыйкырып тосуп алышты.
Эскерте кетсек, ушу тапта Өкмөт үйүнүн алдында митинг өтүп жатат. Буга 5-апрелде уурдалып, кийин киши колдуу болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү эки күндөн кийин табылганы себеп болгон. Чогулгандар милиция кызматкерлери издөө иштерин тийиштүү деңгээлде жүргүзгөн жок деп, бийлик башындагылардын жооп берүүсүн талап кылышууда.
Митинг алгач ИИМ имаратынын алдында башталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0