Аткаминерлер даярданбай келип Баткендин статусу боюнча программа бекилбей калды

© Sputnik / Валерий ЛевитинАткаминерлер. Архив
Аткаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Жазылуу
Депутаттар облуска өзгөчө макам берилгенден кийинки артыкчылыктар жана канча каражат бөлүнөрү туурасында сурашкан.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Бүгүн парламентте Баткен облусуна өзгөчө макам берүү программасы каралып, өкмөт мүчөлөрү даярдыксыз келгени үчүн бекитилбей калды.
Депутаттар облустун ички дүң продукциясы, жумушсуздуктун саны, өзгөчө макам берилгенден кийинки артыкчылыктар жана канча каражат бөлүнөрү туурасында сурашкан.
Бирок доклад жасап жаткан Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы жана башка өкмөт мүчөлөрү так жооп бере алган жок. Мындан улам эл өкүлдөрү маселени кароодон баш тартты.
Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов маселени кароону бир жумага жылдыра турууну сурап, даярданбай келген аткаминерлерге премьер-министр чара көрөрүн убадалады.
"Бул программа алты-жети айда жазылып, парламенттин беш комитетинен өткөн. Өкмөттө структуралык өзгөртүү болгондон кийин бир аз даярдыгы жок келишиптир. Жооп бербегендерге премьер-министрдин атынан тишелүү чара көрүлөт", — деди Абытов.
Белгилей кетсек, буга чейин өкмөт чек аралаш жайгашкан Баткен облусуна өзгөчө статус берүүнү чечкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0