18:29 17 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR101.5734
  • RUB1.1224
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү (42)
0 0

Күч органдары шектүүдөн Шаардык ички иштер башкармалыгына келүүсүн өтүнгөн. Бирок Замирбек Теңизбаев ага макул болгон эмес.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Милициянын кызматкерлери 5-апрель күнү Айзада Канатбекова жана аны ала качып кеткен Замирбек Теңизбаев менен дагы сүйлөшкөн. Бул тууралуу Ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын начальниги Уланбек Айтбаев ИИМде өтүп жаткан маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, күч органдары шектүүдөн Шаардык ички иштер башкармалыгына келүүсүн өтүнгөн. Бирок Замирбек Теңизбаев ага макул болгон эмес.

"Милиция 5-апрель күнү шектүүнүн телефон номерин таап, чалган. Болжол менен саат 16:10до Замирбек телефонун күйгүзүп, жооп берген. Биз анын кайсы жакта экенин сурап, келүүсүн өтүнгөнбүз. Бирок ал кыз менен 4 айдан бери сүйлөшүп жүргөнүн, ага үйлөнөрүн айтып телефонун өчүрүп салган. Андан кийин кечки саат 7лер чамасында Айзаданын телефону иштеп, ал апасы менен сүйлөшүп түндө барарын айткан. Андан кийин кыз менен биз да байланышканбыз. Ал бизге маселесин Замир менен өзү чечишип аларын айткан", — деди Айтбаев.

Айзаданын өлүмү

Эске салсак, 5-апрель күнү эртең менен саат 7:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч бала 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Бул учур ошол жердеги кафенин видео байкоосуна тартылып калган. Милиция тарабынан изделип жаткан автоунаа 7-апрелде Чүйдөгү Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган.

Жергиликтүү чабан автоунааны 5-6-апрель күндөрү эле көргөнүн айтып, бирок маани бербегенин билдирген. Ал 7-апрелде гана автоунаанын жанына барып, салондун ичинен эки адамдын сөөгүн көрүп дароо милицияга чалган. Милициянын алдын ала божомолу боюнча, 36 жаштагы киши уруш-талаштан кийин кызды муунтуп, андан кийин өзүн бычактап, өмүрүн кыйган.

Милициянын ыкчам-тергөө тобу тарабынан кызды ала качууга катыштыгы бар делген адамдар изделип, жыйынтыгында 29 жаштагы Р.А. аттуу шектүү кармалган. Ал Тергөө кызматына жеткирилип, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Күч органдары учурда дагы эки шектүүнүн жүргөн жерин аныктап, кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-аракеттери жүрүп жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, кыздын туугандары аны 5-апрелде эле издеп башташкан. Биринчи май райондук милицияга арыз жазып, бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болушкан.

Тема:
Бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү (42)

Тема боюнча

Касымалиева: Баш мыйзамды караганда чогуласыңар, адам өлсө кайдыгерсиңер! Видео
Бишкек милициясынын башчысы Айзаданын жакындарынан кечирим сурады
Айзаданын өлүмү: Бишкек милициясынын башчысы кызматтан кетер-кетпесин айтты
Белгилер:
Уланбек Айтбаев, Замирбек Теңизбаев, шектүү, телефон, милиция, Айзада Канатбекова

ЭҢ МААНИЛҮҮ