Президент бардык облустардын саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилерин чогултуп, аларга бир катар тапшырмаларды берди.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бардык облустардын саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилерин чогултуп, эпидемиологиялык кырдаал жана аны жакшыртуу боюнча маселени талкуулады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Президент Садыр Жапаров бардык облустардын саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилерин чогултуп, эпидемиологиялык кырдаал жана аны жакшыртуу боюнча маселени талкуулады
"Президент ооруканаларды дары-дармектин запасы менен жетиштүү камсыздоо, кошумча орундарды уюштуруу милдетин койду. Ошондой эле коронавирус жуктурган учурларды эрте аныктоо үчүн тест-системаларды кошумча сатып алуу керектигин айтты", — деп жазылат билдирүүдө.
Президент Садыр Жапаров бардык облустардын саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилерин чогултуп, эпидемиологиялык кырдаал жана аны жакшыртуу боюнча маселени талкуулады
Медициналык мекемелердин жетекчилери COVID-19 пандемиясынын божомолдонуп жаткан үчүнчү толкунуна даярдыгы жөнүндө маалымат беришти.
"Президент ооруканаларды дары-дармектин запасы менен жетиштүү камсыздоо, кошумча орундарды уюштуруу милдетин койду. Ошондой эле коронавирус жуктурган учурларды эрте аныктоо үчүн тест-системаларды кошумча сатып алуу керектигин айтты", — деп жазылат билдирүүдө.
Эске салсак, март айынан бери өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны кайрадан көбөйүп бара жатат. Мисалы, акыркы суткада ооруп калгандардын саны 200дөн ашып кетти.
Мэрия спорттогу талыкпас эмгеги жана жетишкендиктери үчүн бир катар спортчуларга 100 миң сомдук, ал эми машыктыруучуларга 50 миң сомдук сертификаттарды ыйгарды.