Бишкек милициясынын башчысы Айзаданын жакындарынан кечирим сурады

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги Бакыт Матмусаев. Архив
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги Бакыт Матмусаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Жазылуу
Белгилей кетсек, буга чейин соцтармак колдонуучулары Матмусаев менен ИИМ башчысынын кызматтан кетишин талап кылышкан.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги Бакыт Матмусаев борбор калаада уурдалып, кийин киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жакындарынан кечирим сурады.
"ИИМ кызматкери, Кыргызстандын жараны жана ата катары Айзада тууралуу жаңылыкты өтө оор кабыл алдым. Шаардык милициянын атынан кыздын жакындарынан, туугандарынан кечирим сурайм. Биз аны сактай албадык. Баарыбыздын кыздарыбыз, карындаштарыбыз бар. Ала качуу — бул оор кылмыш", — деди ал.
Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Айзаданын өлүмүнө себепкер деген кишинин дайын-дареги айтылды
Матмусаевдин айтымында, милиция 5-апрелден бери кызды жана аны ала качкан адамдарды күнү-түнү издеген. Ал кылмышкерлер тиешелүү жазасын аларын убадалады.
Белгилей кетсек, буга чейин соцтармак колдонуучулары Матмусаев менен ИИМ башчысынын кызматтан кетишин талап кылышкан. Алар Айзаданы алып качкан учурдун видеосу бар экенине карабай, аны убагында сактай албаганына нааразы болуп чыгышкан.

Айзаданын өлүмү

Эске салсак, 5-апрель күнү эртең менен саат 7:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч бала 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Бул учур ошол жердеги кафенин видео байкоосуна тартылып калган. Милиция тарабынан изделип жаткан автоунаа 7-апрелде Чүйдөгү Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган.
Жергиликтүү чабан автоунааны 5-6-апрель күндөрү эле көргөнүн айтып, бирок маани бербегенин билдирген. Ал 7-апрелде гана автоунаанын жанына барып, салондун ичинен эки адамдын сөөгүн көрүп дароо милицияга чалган. Милициянын алдын ала божомолу боюнча, 36 жаштагы киши уруш-талаштан кийин кызды муунтуп, андан кийин өзүн бычактап, өмүрүн кыйган.
Ички иштер министри Уланбек Ниязбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Депутаттар парламентке ички иштер министрин чакырууну талап кылууда
Милициянын ыкчам-тергөө тобу тарабынан кызды ала качууга катыштыгы бар делген адамдар изделип, жыйынтыгында 29 жаштагы Р.А. аттуу шектүү кармалган. Ал Тергөө кызматына жеткирилип, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Күч органдары учурда дагы эки шектүүнүн жүргөн жерин аныктап, кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-аракеттери жүрүп жатканын билдирди.
Белгилей кетсек, кыздын туугандары аны 5-апрелде эле издеп башташкан. Биринчи май райондук милицияга арыз жазып, бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болушкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0