Марипов ала качууга дуушар болуп көз жумган кыздын өлүмү боюнча үн катты

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Улубек Марипов. Архив
Премьер-министр Улубек Марипов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Жазылуу
Марипов ала качуу салт эмес, кылмыш экенин айтып, аны өлкөдөгү ар бир адамга жеткирүү керектигине токтолгон.
БИШКЕК, 8-апр.— Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов белгисиз адамдар ала качып, кийин каза болгон 27 жаштагы кыздын өлүмү боюнча үн катканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Өкмөт башчы ала качуу салт эмес, кылмыш экенин айтып, аны өлкөдөгү ар бир адамга жеткирүү керектигине токтолгон.
"Никеге кыйнап тургузуу — бул кылмыш. Аны жасагандар жазага тартылышы шарт. Айзаданын окуясын мен биринчи кезекте адам, эркек жана ата катары өтө оор кабыл алдым. Бул биздин жалпы жарабыз. Жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам", — деп жазылат өкмөт башчынын кайрылуусунда.
Марипов күнөөлүүлөргө катуу чара көрүлүп, жазага тартыларын кошумчалаган.
Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2021
Бишкектен кыз ала качууга катыштыгы бар делген шектүүнүн бири кармалды
Эске салсак, 5-апрель күнү эртең менен саат 7:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде үч бала 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Бул учур ошол жердеги кафенин видео байкоосуна тартылып калган. Бүгүн, 7-апрелде, милиция тарабынан изделип жаткан автоунаа Чүйдөгү Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган.
Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон кыздын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган. Кечинде кызды ала качууга катыштыгы бар делип бир шектүү кармалды.
Жаңылыктар түрмөгү
0